«Баткен» телеканалынын жаңы имаратынын курулушун кийинки жылда бүтүрүү пландалууда

turmush
Скачать
Просмотров: 2088
 
Опубликовано 6 Декабря 2019, 16:50

«Баткен» телеканалынын Баткен шаарында салынып жаткан имаратынын курулушу 30% аяктады. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн облус жетекчиси Акрам Мадумаров имараттын курулушу менен таанышты.

«Баткен облусу чек арадагы аймак болгондуктан маалымат коопсуздугун камсыздоо манилүү. Буга чейин «Баткен» телеканалы ижарада шарты жок иштеп келген», - деди Мадумаров.
Галерея: «Баткен» телеканалынын жаңы имаратынын курулушун кийинки жылда бүтүрүү пландалууда

Облус башчысы буга чейин токтоп турган имараттын курулушун жандантып, жаз айларына бүткөрүү боюнча тапшырма берди. Буга чейин маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Баткен облусуна болгон иш сапарында курулушу токтоп турган имарат менен таанышып, аны бүткөрүү керектигин белгилеген. Ага катар эле облус аймагындагы гезит, телерадиокомпанияларды бириктирип, жаңы түзүлүп жаткан медиаборбордун алкагында жаңы имаратка көчүрүү зарылдыгын айткан.

Имаратты куруп жаткан ишкананын өкүлү Маматисак Жетимишовдун айтымында, «Баткен» телеканалынын имаратына 2017-жылы декабрь айында 10 млн сом акча бөлүнүп, курулушу башталган. 2019-жылы 3 млн сом бөлүнгөн. Азыр дагы 10 млн сом бөлүнүп, курулуш иштери жүрүп жатат. Учурда иштердин 30% жакыны аяктады. 12 жумушчу тартылган. Имарат 2020-жылдын жаз айларында пайдаланууга берилет.