Талас шаарында 175 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу аталган объекттин прорабы Медер Төрөгелдиев билдирди.
Маалыматка караганда, бала бакча А.Оторбаев көчөсүндө жайгашкан. Курулуш иштери 2019-жылдын май айында башталган. 2 кабаттуу имараттын курулуш иштери 2020-жылы аяктайт.