«Баткен» телеканалынын жаңы имаратынын курулушун кийинки жылда бүтүрүү пландалууда

turmush
Скачать
Просмотров: 76
 
Опубликовано 6 Декабря 2019, 15:53

«Баткен» телеканалынын Баткен шаарында салынып жаткан имаратынын курулушунун 30% аяктады. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн облус жетекчиси Акрам Мадумаров имаратынын курулушу менен таанышты.
«Баткен облусу чек арадагы аймак болгондуктан маалымат коопсуздугун камсыздоо манилүү. Буга чейин «Баткен» телеканалы ижарада шарты жок иштеп келген», - деди ал.
Облус башчысы буга чейин токтоп турган имараттын курулушун жандантып, жаз айларына бүткөрүү боюнча тапшырма берди. Буга чейин маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманулов Баткен облусуна болгон иш сапарында курулушу токтоп турган имарат менен таанышып, аны бүткөрүү керектигин белгилеген. Ага катар эле област аймагындагы газета, телерадиокомпаниялар бириктирип, жаңы түзүлүп жаткан медиа борбордун алкагында жаңы имаратка көчүрүү зарылдыгын айткан.

Имаратты салып жаткан ишкананын өкүлү Маматисак Жетимишовдун айтымында, «Баткен» телеканалынын имаратына 2017-жылы декабрь айында 10 млн сом акча бөлүнүп, курулушу башталган. 2019-жылы 3 млн сом бөлүнгөн. Азыр дагы 10 млн сом бөлүнүп, курулуш иштери жүрүп жатат. Учурда иштердин 30% аяктады. Иштерге 12 жумушчу тартылган. Имарат 2020-жылдын жаз айларына пайдаланууга берилет.