Тагдыр: 18 жаштагы Мадина операция үчүн Түркия бара албай кыйналууда

turmush
Скачать
Просмотров: 1504
 
Опубликовано 5 Декабря 2019, 15:47

Талас районунун Арал айылынын 18 жаштагы тургуну Руслан кызы Мадина боор оорусунан жабыр тартып, оор операцияга муктаж болуп жатат.
Апасы Магира Сыдыкованын айтымында, кызы 2-топтогу майып.
«Кызым Мадина 1 жашынан баштап баш оорусунан талма болуп ооруйт. Алгач 2 жашында биринчи жолу башына операция жасатканбыз. 18 жылдан бери ошол оорусу менен алышып келебиз. Быйыл март айында боорунун сол тарабы жабыркап, Бишкек шаарында операция болгон. Арадан 1 жыл өтпөстөн боорунун экинчи капталы альвеококкоз оорусу менен ооруп жатат. Бул операцияны Кыргызстанда жасай албагандыктан чет мамлекетке алып барууга аракет кылып жатабыз. Бир эле операциясына 20 миң доллар керектелет экен. Ал эми дары-дармекке, жол акысына андан дагы көп каражат кетчүдөй.

Жолдошум экөөбүз тең эч жерде иштебегендиктен бул суммадагы акчаны табуу кыйын болуп жатат. Каражат канчалык эрте табылса кызымдын ден соолугуна ошончолук жакшы болот эле. Алгач дарыгерлер донор керек деп айттышкан. Бирок азыр кызымдын өзүнүн боорун дарылап айыктырып алууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып жатышат.

Мадина быйыл айылыбыздагы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, дизайнер болууну көздөп жаткан. Тилекке каршы бул илдеттин айынан окууга дагы тапшырта албай калдык. Кудайдан сураганбыз эле кызым ден соолугун бекемдеп, кайрадан үйүбүзгө жылмаюу менен келүү. Кайрымдуу кыргыз элим кызыбыздын айыгып кетишине себепчи болуп жардам берүүңүздөрдү суранабыз», - деди ал.
Арал айыл өкмөттүн социалдык адиси Зарина Токтоналевага Мадинага кайрымдуулук жардам топтоо үчүн ушул жума күнү айылда марафон уюуштуруларын билдирди. Ал жерден топтолгон акча Мадинанын ата-энесине тапшырылат. Ал эми жуманын этегинде Арал айыл өкмөтүнүнү жергиликтүү кеңешинин депутаттары аталган үй-бүлөгө акча котортуп берүү маселесин караганы жатат.
Жардам бергиси келгендер үчүн:
Элсом: 0704 30 90 93.

Байланыш номур: 0704 30 90 93, 0705 16 03 37.

Эсеп: 12 80 15 60 53 14 69 86.