Кочкордо «Манас» эпосунун күнү белгиленди

turmush
Скачать
Просмотров: 178
 
Опубликовано 5 Декабря 2019, 10:02

Кочкор районунда «Манас» эпосунун күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор райондук И.Исаков атындагы борборлоштурулган маалыматтык китепканада  «Улуулугун сезем кыргыз элинин, уул-кыздары «Манас» эпосунан үзүндү айтып жатканда» аттуу иш-ара өткөрүлдү. Китепканада «Манас» эпосу боюнча маалыматтар, китеп, плакаттар  коюлуп, катышуучуларга  буклеттер  таратылды.

Китепканачылар «Манас» эпосу жана улуу манасчылар тууралуу баяндама жасашты. Мындан тышкары кыл калем ээлеринин сүрөттөрү да көрсөтүлүп, баяндама жасалды. «Манас» эпосунан алынган учкул сөздөр, «Манас» эпосунан үзүндү айтылды.

Ушул сыяктуу иш-чаралар мектептерде, бала-бакчаларда, райондун бардык китепканаларында белгиленди..

2015-жылдын 27-апрелинде өкмөттүн токтому менен 4-декабрь — «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланган.