Кара-Балта шаарындагы №6 гимназияда жана №12 Жайыл Баатыр атындагы орто мектепте «Мугалимдин кесипкөйлүүлүгү – билим берүүнүн сапатын камсыз кылат» деген темада облустук семинар өтүлдү.
Иш-чарага облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондордун усулдук кааналарынын башчылары, мектеп директорлору, «Жыл мугалими-2019» сынагынын катышуучулары жана алдыңкы мугалимдер катышты.