Лейлек районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын 1700 адамдан ашат

turmush
Скачать
Просмотров: 89
 
Опубликовано 4 Декабря 2019, 14:14

Лейлек районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы саны 1764 адамды түзөт. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 892си 18 жашка чейинки балдар.

Райондогу «Кулгунчак» балдарды калыптандыруу борборунун директору Дилбара Атанованын айтымында, 14 жашка чейинки 30 бала реабилитацияланууда. Балдардын ден соолугуна кам көрү үчүн бардык шарттар каралган. Аталган мекемеде балдардын ден соолугуна кам көрүү үчүн психолог, логопед, медайым иштейт. Мындагы балдардын басымдуу бөлүгү тубаса шал оорусу менен жабыркагандар. Мекемеде адистердин жардамы менен балдар бакчасына жана мектеп окуучуларынын катарына кошулган балдар да жок эмес.

Исфана шаарынын тургуну Нигора Абдуллаева 3 баланын энеси. Тилекке каршы анын 1 кыз менен 1 баласы шал оорусунан жабыр тартып келе жатат. Аларды 2 жылдан бери «Кулунчак» балдарды калыптандыруу борборунда карап келе жатат. Балдарына адистер тарабынан көмөктөр көрсөтүлүп келе жатат.