Баткенде прокурорлор коррупцияга каршы күрөшүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү

turmush
Скачать
Просмотров: 143
 
Опубликовано 3 Декабря 2019, 18:54

Бүгүн, 3-декабрда Баткен шааарында облустук прокурору Абдибакыт Халмурзаевдин демилгеси менен Баткен облуунун укук коргоо, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңешмеси болуп өттү.
Маалым болгондой, кеңешмеге облустун укук коргоо органдарынын, экотехинспекциялардын аймактык органдарынын, жергиликтүү администрациялардын, архитектура, мамлекеттик каттоо, салык кызматынын, кадастр мамлекеттик мекемесинин, облустук калкты тейлөө борборунун башчылары, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары катышты. Анда коррупцияга каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жеткиликтүү аткарылбай жаткандыктан Баткен облусунун өкүлчүлүгүнө сунуш берүү чечими кабыл алынды. Кеңешменин жыйынтыгы менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине мыйзам талабын кынтыксыз аткаруу менен коррупциялык укук бузууларга чара көрүү жөнүндө маалыматтарды прокуратура органдарына берүү милдеттендирилди.
Баткен облусунда быйылкы жылдын 10 айынын ичинде 200дөн ашык коррупциялык кылмыш катталган.