"Кыргыз сотуна 95 жыл!" Ак-Талаа райондук соту окуучуларга "Ачык эшик" күнүн өткөрдү

turmush
Скачать
Просмотров: 918
 
Опубликовано 22 Ноября 2019, 16:47

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда кыргыз сотунун түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына жана сот реформасынын жүргүзүлүп жаткандыгына карата окуучулар үчүн "Ачык эшик" күнү өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 22-ноябрь күнү Ак-Талаа райондук сотунда окуучулар үчүн "Ачык эшик" күнү өткөрүлүп, анда атайын чакырылган Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин 9-10-11-классынын окуучулары катышып, аларды райондук соттун төрагасы Азат Доулбеков, райондук соттун судьясы Жаныбек Жумаков кабыл алып, өздөрүн жана аткарып жаткан кызматтары менен кеңири тааныштырышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга сот реформасынын жүргүзүлүшү, соттук процесстердин өткөрүлүшү, кайрылган жарандардын укуктарын мыйзам менен коргоо жана башка дээрлик сот бийлигинин ишмердүүлүгү туурасында түшүндүрүштү.
Андан сырткары, окуучуларды ар кандай кылмыш-кырсыктарга, тартип бузуучулукка барбоого чакырышты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата сот бийлигинин түзүлгөндүгүнүн тарыхы туурасында баяндап беришти. Ал эми окуучулар тарабынан кызыккан суроолор берилип, жоопторун угушту.