Ош шаарындагы бузулууга тийиш көп кабаттуу үйдү курулушу түнкүсүн уланууда,-жашоочулар

turmush
Скачать
Просмотров: 131
 
Опубликовано 21 Сентября 2019, 13:22

Ош шаарындагы Апсамат Масалиев көчөсүнүн 64-дарегиндеги үйдүн курулуш иштери сот иштери жүрүп жатканына байланыштуу убактынчалуу токтоп турган. Бирок бүгүнкү күндө курулуш иштери түнкүсүн жүрүп жатканын жергиликтүүлөр билдиришти.
Алардын айтымында, курулушта иштеген техникалардын үнүнөн улам жергиликтүү тургундар уктай албай жатат. Мындан улам алар курулуштун түнкүсүн жүрбөшүн каалашууда.