"Кыйкырдык, өкүрдүк" Ак-Талаада нааразы болгон айдоочулар Баетов - Кош-Дөбө унаа жолун тосушаарын эскертти

turmush
Скачать
Просмотров: 4307
 
Опубликовано 25 Августа 2019, 21:34

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 6 айылдын айдоочулары Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунун начардыгын айтып нааразы болушуп, 15-сентябрда жол тосушаарын билдиришти. Бул туурасында айдоочу Улан Сатыбалдиев аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, 25-август күнү Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев жана Алтынбек Жунус уулу Ак-Талаа районуна келип жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууга келген эл өкүлдөрүнө жергиликтүү тургундар бир катар көйгөйлөрдү билдиришти. Жыйын бүткөндөн кийин Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Чолок-Кайың, Коңорчок, Кара-Бүргөн жана Ак-Чий айылдарынын айдоочулары келген эл өкүлдөрүн 90 чакырым узундуктагы Баетов - Кош-Дөбө таштак жолдун начардыгын, жолдун айрым жерлери 2-3 метрге чейин чөгүп кеткендигин, кээ бир жерлери кууш болуп калгандыгын, жолдун технологиялык материалдары калбай ташы чыгып, ортосуна шагыл үйүлүп, ары-бери каттаган унаалар талкаланып, чаңдан жол көрүнбөй, атургай унаалардын ичине чейин чаң кирээрин айтып нааразы болушту. Андан сырткары, жол кадимки эле курулушка колдонулуучу шифер материалына окшоп калгандыгын билдирип өтүштү.
"Жогорку Кеңештин 3 депутаты келиптир. Жыйын бүткөн соң депутаттарды жолдун абалын көрүп коюуларын сурандык. Бирок ага Ж.Акаев менен Р.Момбеков келип көрүшкөн жок. Алтынбек Жунус уулун өзүмдүн "Ауди" унаама салып алып Ак-Чий айылына чейин алып келип көргөздүк. Биз ал депутаттан "асфальтыңарга тойдук, жок дегенде шагыл төктүртүп бергиле" деп билдирүү жасадык. Ошондой эле бул билдирүүбүздү өлкө башчысы С.Жээнбековго жана өкмөт башчысына жеткирип, айтып коюларын айттык. Андан сырткары, 15-сентябрь күнү 6 айылдын жергиликтүү тургундары жана айдоочулары жол тосуп, нааразычылык акциясына чыгаарыбызды эскерттик", - деди У.Сатыбалдиев.