Ош облусунун аймагындагы 2 райондон 1 тонна 241кг кара-куурай жок кылынды

turmush
Скачать
Просмотров: 360
 
Опубликовано 17 Августа 2019, 13:48

Маалым болгондой,кечээ 16-август күнү Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери, ИИМдин баңги затка мыйзамсыз жүгүртүү каршы курөшүү кызматынын (СБНОН) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте Тоготай жана Жийде айыл аймагында жапайы өскөн кара куурайды жок кылышты. Рейдтин жүрүшүндө Тоготай айылында 52 сотых, ал эми Жийде айылында 80 сотых жер аянтындагы жапайы кара-куурай өсүмдүгү орулуп, өрттөлүп жок кылынды. Жапайы кара-куурай өсүмдүгүнүн жалпы салмагы 805 килограммды түздү. Рейдтин максаты-жапайы өскөн кара-куурайды бышып жетилгенге чейин өскөн аянттарды аныктап, аларды жок кылуу болуп эсептелет. Ушундай эле иш-чара 15-август күнү Ноокат районунун Кара-Турпак кварталында жана Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылында болуп өткөн, жалпы салмагы 430 килиграмм жапайы кара-куурай жок кылынды. Ал эми, 13-июнь күнү Зулпуев айыл айиагынын Ата-Мерек айылында жапайы өскөн кара-куурай өсүмдүгүн жок кылуу иш-чарасынын 1-этап өткөрүлүп, жалпы 14 гектар жерден орулуп, 6 тонна жапайы кара-куурай өрттөлүп жок кылынды. Маалым болгондой,кечээ 16-август күнү Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери, ИИМдин баңги затка мыйзамсыз жүгүртүү каршы курөшүү кызматынын (СБНОН) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте Тоготай жана Жийде айыл аймагында жапайы өскөн кара куурайды жок кылышты. Рейдтин жүрүшүндө Тоготай айылында 52 сотых, ал эми Жийде айылында 80 сотых жер аянтындагы жапайы кара-куурай өсүмдүгү орулуп, өрттөлүп жок кылынды. Жапайы кара-куурай өсүмдүгүнүн жалпы салмагы 805 килограммды түздү. Рейдтин максаты-жапайы өскөн кара-куурайды бышып жетилгенге чейин өскөн аянттарды аныктап, аларды жок кылуу болуп эсептелет. Ушундай эле иш-чара 15-август күнү Ноокат районунун Кара-Турпак кварталында жана Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылында болуп өткөн, жалпы салмагы 430 килиграмм жапайы кара-куурай жок кылынды. Ал эми, 13-июнь күнү Зулпуев айыл айиагынын Ата-Мерек айылында жапайы өскөн кара-куурай өсүмдүгүн жок кылуу иш-чарасынын 1-этап өткөрүлүп, жалпы 14 гектар жерден орулуп, 6 тонна жапайы кара-куурай өрттөлүп жок кылынды.