Торпокту жерден  эңип, ээрге өңөргөн кочкорлук көк бөрүчү Б.Жумалиев 10 000 сом менен сыйланды

turmush
Скачать
Просмотров: 221
 
Опубликовано 26 Июня 2019, 10:02

Кочкорлук көк бөрүчү Бакыт Жумалиев Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык мааракесинде торпокту жерден эңип, ээрге өңөрүү боюнча мелдеште байгелүү орунга ээ болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга тургун Урмат Шергазиев билдирди.

Анын айтымында, торпокту жерден эңип, ээрге өңөрүү боюнча мелдеште Түп, Тоң, Жети-Өгүз, Кочкор районунун балбандары шартты толук аткарышты. Кочкордон барган көк бөрүчү Бакыт Жумалиев да шарттарды аткарып, 10 000 сом байгеге ээ болду.

Бакыт Жумалиев 40 жашта, Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында жашайт. Бала күнүнөн бери Көк бөрү оюнун ойноп, эр эңишке түшүп жүрөт. Анын атасы Төлөбек балбан адам болгон.