Кадамжайдагы каналга агып кеткен кыздын денеси 10 км алыстыктан табылды

turmush
Скачать
Просмотров: 10178
 
Опубликовано 24 Июня 2019, 10:05

22-июнда Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы каналга түшүп кеткен 12 жаштагы кыздын денеси ошол эле түнү табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин Кадамжай районундагы бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 2007-жылы туулган Т.А. аттуу кыз саат 16:00 чамасында Кайтпас айылдагы Сох-Шаймаридан каналына чөмүлүп жатып, агып кеткен. Жеринде издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 45 куткаруучу тартылып, издөө иштери түн киргенине байланыштуу саат 21:30да убактылуу токтотулган. Бирок орчундуу жерлерге күзөтүү үчүн куткаруучулар коюлган. Анын негизинде каналдын суусун тосуп, куткаруучулар кыздын жансыз денесин агып кеткен жерден 10 чакырымга жакын алыстан табылды.