Ошто жол тандабас унаа жалдап Чыйырчык жайлоосуна эс алууга жөнөгөн бүтүрүүчүлөр кармалды

turmush
Скачать
Просмотров: 15250
 
Опубликовано 25 Мая 2019, 20:28

Бүгүн, 25-майда Кара-Суу районунда Чыйырчык жайлоосуна эс алууга жөнөгөн бүтүрүүчүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бүтүрүүчүлөргө ашыкча шан-шөкөт уюштурууга, кафе-ресторандарда майрамдоого, тоо койнунда эс алууга чыгууга тыюу салган. Анын негизинде Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүн кызматкерлери 7 райондо күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кара-Суу районундагы мектептердин биринде окуган бүтүрүүчүлөр жол тандабас 2 унаа менен Кара-Суу районундагы Каратай айылында Чыйырчык жайлоосуна эс алууга жөнөгөн жеринен кармалды.

Ага кошо Кара-суу районунун Озгур айылындагы орто мектептердин биринин бүтүрүүчүлөрү «Мерседес Бенц Гелендваген» үлгүсүндөгү унааны жалдап алып шаарга кетип жаткан жеринен кармалды. Унаанын документтери жок болгондуктан айып короосуна токтотулду.

Өз учурунда окуучулар окуган мектептердин директорлору жана жаш өспүрүмдөр менен иш алып барган күч органдары чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.