Айыл турмушу: Кадамжайдын Кан айылынын тургундары аары багып, бал өндүрүүнү колго ала башташты

turmush
Скачать
Просмотров: 182
 
Опубликовано 24 Мая 2019, 13:10

Кадамжай районунун Кан айылында азыркы учурда 1,5 миңдей адам жашайт. Айыл эли негизинен багбанчылык жана мал чарбасы менен алектенет. Соңку жылдары элеттиктер аары кармап, сапаттуу бал өндүргөндү мыкты өздөштүрүп алды. Азыр 10 үй-бүлө аары багып бал өндүрүп жатат.
Галерея: Айыл турмушу: Кадамжайдын Кан айылынын тургундары аары багып, бал өндүрүүнү колго ала башташты

Алардын бири Коңурбай Токтаматовдун айтымында, айыл аары багууга ыңгайлуу. Бирок балды сатууда көйгөй жаралып келет. Жакшы бал алуунун дагы өзүнчө сырлары бар. Мисалы аарыларды жаз келгенден баштап күз мезгилине чейин жакшы тамактандырып карап койсо кыштан жакшы чыгат. Бир эле ящиктен 100 кг чейин бал алса болот. Мында алынган бал эч кандай кошулмасы жок, экологиялык жактан таза болуп эсептелинет. Ага суроо-талап да жогору. Жергиликтүүлөр продукциясын аймактагы базарларга сатышат.

Ал эми Жанболот мырзанын жакшы жаан-чачын болгон жылдары 10 ящик аарыдан 1 тоннага чейин бал алган. Ал эми кээ бир жылдары болсо 10 кутудан 300-400 литр бал алган учурлар болот. Анда да кеткен чыгымдардан тышкары 50 миң сомго чейин киреше тапса болот.