Жаш талант: 17 жаштагы Адилет Садыбакас уулу

turmush
Скачать
Просмотров: 941
 
Опубликовано 24 Мая 2019, 12:05

Нарын районундагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Эмгек-Талаа айылынын 17 жаштагы тургуну Адилет Садыбакас уулу аккордеон жана комузда кол ойнотуп, дастан айтып, тойлордо ырдап киреше таап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, үй-бүлөсүнүн бардыгы чыгармачыл адамдар.

«Менин атам жана атамдын бир туугандары чыгармачыл адамдар. Алар музыкалык аспаптардын бардык түрүндө кол ойнотуп, шаарда музыкалык мектептерде, театрларда эмгектенишет.

Мектепке жаңы кирген кезимде чыгармачылык чөйрөгө көп деле кызыкчу эмесмин. Бирок биринчи мугалимим Шайыр эже менин талантымды байкап, "сенин үнүң жакшы. Атаңдай ырчы болосуң" деп, комуз менен дастан айтууну сунуштады. 4-классымда комуз чертүүнү атамдан үйрөнүп, кичирээк болгондуктан анын аягына чыкпай таштап салгам. Кийин комузга болгон кызыгуум 14 жашымда ойгонду. Ошол кезде үйдөгү кичинекей бөбөктөрүм уктап жатканда, аларды ойготуп албайын деп кыш мезгилинде сыртка чыгып, үшүгөнүмө карабай комуз черткенди үйрөнгөм. Ошондон кийин комуз менен дастан айтып, райондук, облустук, республикалык сынактарга катышып, 1-орундарды багындырып келем», - деди ал.