Ак-Талаада "Мыкты мугалим-2019" жана "Мыкты тарбиячы-2019" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

turmush
Скачать
Просмотров: 1211
 
Опубликовано 24 Мая 2019, 02:10

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда "Жылдын мыкты мугалими - 2019" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой кечээ 23-май күнү райондук маданият үйүндө билим берүү тармагынын мыктыларын сыйлоо аземи орун алды. Аземге мугалимдери, тарбиячылар жана окуучулар катышты. Жылдын мыктыларын район акими Нурбек Молдокадыров, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, билим берүү тармагынын кесиптик бирлигинин төрагасы Мирбек Сатындиев, маданият бөлүмүнүн башчысы Марипа Муканова куттуктоолорун жолдошту.
Аземдин жүрүшүндө, "Алтын тамга" артыкчылык аттестатын алган 2 окуучу, менталдык арифметика боюнча республикалык олимпиадада баш байгени багынткан окуучулар, ошондой эле республикалык жана эл аралык спорттук мелдештерде алдыңкы орундарды камсыздап келген окуучуларга 500 сомдон акчалай сыйлык жана билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.
Андан соң, иштеги жетишкендиктери, балдарга таалим-тарбия, билим берүүдө үзүрлүү эмгектенген мугалимдерге жана тарбиячыларга Нарын облусттук ыйгарым өкүлчүлүктүн, райадминистрациянын, облусттук усулдук билим берүү бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирликтин ардак грамоталары, ыраазычылык каттары ыйгарылды.
Ал эми "Жылдын мыкты мугалими - 2019" сынагынын жеңүүчүлөрү төмөндөгүдөй аныкталды;

Баш байгени Үгүт айылынын Муса Баетов атындагы орто мектебинин мугалими Жанара Шерматова "Жылдын мыкты мугалими" номинациясына ээ болуу менен Ысык-Көлгө жолдомо утуп алды.
1-орунду Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин мугалими Сергек Коңурбай уулу камсыздап, диплом жана плазма телевизор менен сыйланса, 2-орунду Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин мугалими Жанаркүл Кенжебаева ээлеп, диплом жана 2 кабаттуу керебет алды.
3-орунду Чолок-Кайың айылындагы Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинин мугалими Курманбү Кененсариева багынтып, диплом жана нан бышыргычка ээ болду.

"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019" сынагы боюнча;

Баш байгени Байгөнчөк айылынын "Байгөнчөк келечеги" бала бакчасынын тарбиячысы Таалайкүл Шабданбекова багынтып, "Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019" номинациясынын ээси болуу менен Ысык-Көлгө жолдомо утуп алды.
Ал эми 1-орунду Кызыл-Белес айылынын "Кадыраалы" бала бакчасынын тарбиячысы Айзат Байсабаева ээлеп, диплом жана плазма телевизорун сыйлыкка алды.
2-орунду ээлеген Ак-Тал айылынын "Ак-Тал" бала бакчасынын тарбиячысы Аесана Саадабаева камсыздап, диплом жана 2 кабат керебеттүү болду.
3-орунду Баетов айылынын "Алтын муун - Наристе" бала бакчасынын тарбиячысы Бактыбек кызы Жылдыз ээлеп, диплом жана нан бышыргыч менен сыйланды.
Билим берүү тармагынын жыл мыктыларын сыйлоо аземинде демөөрчүлөргө райондук билим берүү бөлүмүнүн ыраазычылык каттары ыйгарылса, ал эми Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин жана балдар билим берүү борборунун окуучулары тарабынан концерт тартууланды.