Сүлүктү шаарынын билим берүү тармагы бир катар ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Анын маалыматына караганда, мугалимдердин 90%ы ноутбук менен камсыз болуп, окуучулар жаңы электрондук системанын жардамы менен билим алышууда.
Сүлүктүдө «Акылдуу мектеп жана мугалим» долбоору 2017-жылдан бери иштеп келе жатат.
Шаарда жалпы 9 мектеп, 8 бала бакча жана 300 мугалим бар. Алардын ичинен 270 мугалим ноутбук менен камсыздалган. Алар 20-25 миңге чейинки суммада насыя алышып, ай сайын банкка төлөп турушкан.