Абал тынч: Баткенде көз жумган аксакал тажик менен тарап талашка түшкөн көрүстөндө жерге берилди. Видео

turmush
Скачать
Просмотров: 1430
 
Опубликовано 21 Мая 2019, 19:03

Бүгүн, 21-майда Баткен районунун Кара-Бак айылындагы талаш болуп жаткан мазарда абал туруктуу. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн айылдагы аксакалдардын бириси көз жумуп, аталган көрүстөндө жерге берилди.

Буга чейин Баткен районунун Кара-Бак айылында маркумдар көмүлө турган көрүстөндүн аймагына тажик чек арачылары кирип келип, адамдарды киргизбей жатканы боюнча видео тараган.

Жергиликтүү тургандар тажик тараптын чек арачылары бир нече күндөн бери аталган көрүстөнгө ээлик кылуу аракетин көрүп жатышканын айтышкан. Ал жерде жаан-чачын болгон учурда атайын мүрзө казганга керектүү жабдыктар (кетмен, күрөк ж.б.) коюла турган чакан бастырма бар. Тажик тараптын чек арачылары ошол бастырмага адамдарды жолотпой жатышкан.
Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынан Кара-Бак айылындагы тажик чек арачылары менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда тартылган видео боюнча маселе кечээ, 20-май күнү эле чечилгендигин билдиришкен.

Маалыматка караганда, видео жергиликтүү тургундар көрүстөндөгү бастырманын каалгасын оңдоо үчүн барган учурда тартылган.

«Окуя кечээ күнү болгон. Жергиликтүү эл ал жердеги колдонулбай калган бастырманын каалгасы сынып калганын көрүшөт. Алар оңдойбуз деп барышкан. Ошол учурда тажик тараптын чек арачылары келип калган. Алар биздин чек арачыларга маалымат беришет. Эки тараптын чек ара кызматкерлеринин тиешелүү жетекчилери жолугуп, маселе чечилген. Биздин жарандар бузулган эшикти оңдоп чыгып кеткен. Бул кечээ эле чечилген маселе. Тажик тараптын чек ара кызматы менен сүйлөшүүлөр жүрүп, провокацияларга алдырбоо маселеси талкууланды», - деп айтылган маалыматта.