Баткенде 1 күндө 3 чиновник кызматынан бошотулду

turmush
Скачать
Просмотров: 2274
 
Опубликовано 11 Апреля 2019, 12:30

Бүгүн, 11-апрелде Баткенде облусунда 3 чиновник кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, бүгүн Баткенде облустук коллегия өттү. Анда 3 кызматкер өз арыздарынын негизинде кызматтарынан бошотулгандыгы айтылды. Тиешелүү буйрукту облустун жетекчиси Акрам Мадумаров окуду.

Кызматтан бошотулгандар:

1. Облус жетекчиссинин кеңешчиси Сейит Абдырахманов;

2. Облустук жетекчиликтин социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Алижан Абдыкалыков;

3. Облустук жетекчиликтин регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаев.

Аты аталган адамдарга А.Мадумаров китеп белек кылып узатты.