Баткен районунун Ак-Cай айылындагы Жаңгак аймагында насостук станция куруу зарылчылыгы бар. Бул тууралуу кечээ, 25-мартта Ак-Сай айылынын эли менен облус жетекчилигинин жолугушуусунда маалым болду.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Тажикстан менен чектешкен бул аймакта элди сактап калуу, чек араны кайтаруу зарылчылыгы бар. Эгерде бул аймакка насостук станция курулса 400-700 гектар жер өздөштүрүлсө болот.
Раойндук суу чарба башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бердалиевдин айтымында, бул жерди суу менен камсыздоо үчүн жалпы 100 млн сомдун тегерегинде акча керектелет.