Санкт-Петербургдагы эл аралык фестивалга Кыргызстандан барган жалгыз команда байгелүү кайтты

turmush
Скачать
Просмотров: 350
 
Опубликовано 25 Марта 2019, 15:19

Санкт-Петербург шаарында ХХ Брянцевск эл аралык балдар театр фестивалы болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия лицей-комплексинин окуучулары катышып, байгелүү кайтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин жамааты билдиришти.

Маалым болгондой, Санкт-Петербург шаарындагы ТЮЗ сценасында өткөн ХХ Брянцевск эл аралык балдар театр фестивалында Кыргызстандан барган «Биздин бала кездеги театр» аттуу окуучулар командасы алдыңкы орунду алып, дипломдуу болуп кайтышты.