Акталаалык М. Мааданбеков мини трактор жасап чыкты

turmush
Скачать
Просмотров: 1015
 
Опубликовано 24 Марта 2019, 01:38

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын тургуну Мирлан Мааданбеков жеңил унаанын тетиктеринен минитрактор жасап чыкты. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган айылдын тургуну, дыйкан М. Мааданбеков өзүнүн чарба иштерине колдонууга "УАЗ", "Волга" жана "Москвич" үлгүсүндөгү эски унаалардын тетиктерин чогултуп жасап чыккан минитрактору от алды жана жүрдү.
"Тракторду кыш мезгилинде эле жасап баштаганбыз. Кыш мезгилинде суукта иштеш да кыйын экен. Анын үстүнө күн дагы кыска мезгил болуп, анан унаалардын тетиктери бири табылса, бири табылбай жатып 1 жарым айда жасап бүттүк. Толук кандуу деле жасап бүтө элекпиз. Дагы көп иштер бар. Трактордун жасалышы туурасында айтсам, мисалы рамасы "УАЗдыкы", передный ступицасы "Волганыкы", мотор, коробка жана мосту "Москвичтики" да. Негизи 4 ВД кылып жасайлы дегенбиз. Бирок, мүмкүнчүлүк жок, айрым тетиктер жок болуп калды", - деди Мирлан мырза.
Трактор азырынча толук жасалып бүтө электигин, дагы кемчиликтери бар экендигин айтты.
"Толук жасап бүттүк дегенден алысмын. Арткы жагына көтөртмө жана түшүрмө механизацияларын жасаш керек. Дагы майда-чүйдө жасай турчу иштер бар. Азыр болгону от алганын, аң-чөнөктө жүрүүсүн, күчүн текшерип жатабыз. Кудай буюрса толук бүтсө эки тиштүү соко сүйрөгөнгө, айдоо аянттарды тырмаганга, анан албетте бир чиркегичти сүйрөгөнгө жарайт. Андан сырткары чөп чапкыч дагы жасап, иштетип көрүүнү ойлонуп жатабыз. Негизи өзүбүздүн бир туугандар менен мал чарбабыз бар. Үлүшкө тийген 5 гектар аянтыбыз бар. Ошол чарбабызга колдонууга эле жасадык. 100 чакырым аралыкка 8 литр бензин ичиш керек да, өзүнүн нормасы менен. Бирок андан көбүрөөк ичип дагы коюшу мүмкүн. Антсе да, башка техника жалдаганга караганга алда канча арзан болот да. Тракторду өзүм эле жалгыз кайдан жасамак элем. Техниканы мыкты билген кошунам Бакы Орозбаев жасап чыкканга жардам кылса, досум Зайырбек Айылчиев унаалардын тетиктерин берип колдоо көрсөттү. Андан башка дагы бир катар адамдар жардам беришти. Аа баса күйүүчү майы юоюнча айтсам. Водародный топлива деген бар го, ошол менен жүргүдөй кылып ылайыктасакбы деп ойлонуп жатабыз", - деди М. Мааданбеков.
Жөн гана чакан чарба менен алектенбестен, асыл-тукум жылкыларды асыроого аракет кылып жаткандыгын, өзгөчө кыргыз жылкыларды багууга аракеттенип жүргөндүгүн, көп иш жасаса болоорун, бирок баардыгы эле каражат маселесине келип такалып жаткандыгын кошумчалады.