50 жаштагы Советбек Бейшебеков он айлык наристени эки айлык кезинен бери жумушуна да кѳтѳрүп барып багууда. Ал Талас облусунда 1969-жылы тѳрѳлгѳн.
Анын айтымында, наристе жакында эле он күн ооруп айыккан.
«Азыр бир аз тамагы ооруп калыптыр. Дары берип койдум. Жакында он ай болот. 2018-жылдын 25-декабрына чейин иштеген жумушума кѳтѳрүп барып, иштеп жаттым. Андан кийин намаз окуган, ажыга барып келген Султан байке менен Айнаш эженин үйүн усталар болуп салып, иштеп калдык. Ошондо алар мага шарт түзүп беришти. Балам алардын жылуу үйүндѳ уктайт, ойнойт. Маалы келгенде сүт берем. Саат 17:00гө чейин иштеримди жасап, үйгѳ алып кетем. Бала бакчага берейин десем албай коюшту. Атайын наристелердин үйүнө берейин десем, бирѳѳ ал жактан балаңызды алдырып коесуз деп айтып калды. Жөлөк пул болсо, каттоодо турбагандыктан берилбейт экен. Бир туугандарым, айрым боорукер адамдар келип жардам берип турушат.