Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылында алкаголь ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

turmush
Скачать
Просмотров: 424
 
Опубликовано 18 Января 2019, 16:30

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында жаштардын демилгеси менен алкаголь ичимдиктерин сатууга тыюу салынгандыгын жаш активист Шайлообек Аппасияев аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, аракечтикти азайтуу, ар кандай кылмыш-кыпсыктарга жол бербөө, жаштарды гумандуулукка тарбиялоо, тартипке чакыруу максатында айылдагы жаштардын демилгеси менен алкаголь ичимдиктерин сатууга тыюу салуу демилгеси колго алынып, анын негизинде айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңештин депутаттары колдоого алышкан.
"Демилгени жаштар көтөрүп чыктык. Алкаголь ичимликтеринин азабынан эмне деген гана нерселер болуп жатат. Кылмыштар, кырсыктар, уруш-талаш, чыр-чатактар чыгып жатат. Ал тургай көптөгөн жарандарыбыз ден соолугунан ажырап жатышат. Жаштар, жергиликтүү бийлик биригип айылдагы соода түйүндөрүн кыдырып алкаголь ичимдиктерин алдырдык. Жыйынтыгында 130 миң сомдун алкаголь ичимдиктерин райондун борборуна жеткирип, дүңүнөн соода кылган соода түйүндөрүнө жеткирип бердик. Айылдагы соода-сатык кылгандар каршылык көрсөткөн жок", - деди Ш. Аппасияев.