Баткен облусунун прокуратурасы жаңы жылдан кийин күчүнө кирген мыйзамдар боюнча баткендиктерге түшүндүрүү иштерин улантууда.
Маалым болгондой, кечээ, 17-январда Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу Орозбек Бердибаев, Баткен ОИИБдин башчысы Аскарбек Аширалиев, Кадамжай районунун прокурору Арстан Ормошовдор Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургундарына жаңы мыйзамдар боюнча маалымат беришти. Жолугушууда жаңы кодекстердин максаттары, соттук процесстин катышуучуларынын укуктары, милдеттери, сотко чейинки өндүрүш тартиби жана соттук териштирүү процессинин өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү.
Буга чейин 14-январында Кадамжай районунун А.Масалиев жана Марказ айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү тургундарына менен ушундай эле жолугушуулар өткөрүлүп, жаңы мыйзамдар тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.