Суу Өзбекстанга агып кетип жатат: Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айылында сугат суу көйгөйү көтөрүлдү (Мамашарип Бердалиев)

turmush
Скачать
Просмотров: 273
 
Опубликовано 18 Января 2019, 10:47

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында сугат суу дээрлик жок. Мындай көйгөй кечээ, 17-январда облус жетекчилигинин айыл эли менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

«Биздин айлдан 2 канал өткөн. Алар Бүргөндү жана мурда Өзбекстандын Алты-Арык районуна суу агып өтүүчү СШК каналы. Жайында Кыргыз-Кыштак, Кайтпас айылдары Өзбекстандын каналдарынан суу ичип турчу элек. Азыркы күндө Алты-Арык районундагы Коргон-Төбө суу сактагычы кышы менен Кадамжайдагы Ак-Суу дарыясынан сууну толтуруп алып, жайындасы СШК каналы аркылуу суу алышпай жатат. Кыргызстандын суусун камдап алышып жайында ошону өздөрүнө колдонуп, жайында Кыргызстандын Кожешкен дарыясынан суу албай жаткандыгына байланыштуу бизге суу жетпей жатат. Суу чарба башкармалыктары Өзбекстан кышында бизден, жайында биз силерден СШК каналы аркылуу суу алып туралы деп келишим түзүп койсо болмок. Муну менен 2 айылдагы сугат суу маселеси чечилмек. Биз азыр эгин эге албай жатабыз. Ар бир үй өзүнчө кудук казып, жер астындагы сууну иштетүүгө аргасызбыз», - деди Кыргыз-Кыштак айылынын тургуну Ражабали Кудайбердиев.

Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Мамашарип Бердалиев
«Бул айылдарда суу маселеси бар. Бул айылдарга жайында Бүргөндү каналы аркылуу 8 куб суу келет. Анын 30% Кыргыз-Кыштак айылына берилет. Жазындасы Ак-Турпак айылындагы жерлер аркылуу суу өткөрүү кыйынчылык жаратууда. Бул көйгөйдү чечүү максатында бир канча жылдан бери Бүргөндү каналын чоңойтуу, тактап айтканда 18 кубдан 30 кубка жеткирүү боюнча маселе коюлуп, 2017-жылы ишке киргизилди. Ал үчүн 2019-жылы 200 млн сом акча бөлүнүшү керек. 2019-жылдан 2027-жылга чейин жумуш болот. Каналдын 88 км бир этап, 26 км экинчи этап менен оңдолот. Андан кийин ички каналдар ондолот.
Ал эми Өзбекстанга суу кирип кетти деген боюнча айта турган болсом, учурда Ак-Суу каналында оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу дарыяны башка жакка бура албайбыз. Ошондуктан суу Өзбекстанга түшүп кетүүдө. Ошондуктан Өзбекстан сууну иштетип жатса иштетип жаткандыр», - деди ал.


Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев Баткен облусунун ирригация тармагын жакшыртууга 28 млрд сом каралганын жана алгачкы жумуштар, ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгиледи. Бул ири долбоордун алкагында Кыргыз-Кыштак айылына келген, учурда сыйымдуулугу 18 куб болгон Бүргөндү каналын 30 кубка чоңойтуу аракеттери жүрүп жатат. Алдыда каналдын курулушу толук аяктаса айыл аймакта сугат суу тартыштыгы жоюлат.

Бүргөндү каналынын суусунун 30% Кыргыз-Кыштак айылы пайдаланат. Кыргыз-Кыштак айылы Өзбекстандын Рыштан жана Алты-Арык райондору менен чектешет. Элетте 9026
адам жашайт.