«Манас Ордодо» чыр чыкты: «Кыз-келиндерге уят мамиле кылат». Жетекчини кызматтан кетирүү талап кылынууда

turmush
Скачать
Просмотров: 7890
 
Опубликовано 17 Января 2019, 17:41

Бүгүн, 17-январда Талас районунун Таш-Арык айылында жайгашкан «Манас Ордо» комплексине бир нече тургундар келип, комплекстин жетекчиси Ормошбек Чоюнбаевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга катышуучулардын бири Бообек Түлкүбаев билдирди.

«Бүгүн «Манас Ордо» комплексине 70ке жакын айыл тургуну чогулдук. Айыл аксакалдары, айыл жаштары болдук. Эл «Манас Ордонун» жетекчиси Ормошбек Чоюнбаев кызматтан сыйы менен кетсин деп талап кылышты. Жетекчи 64 жашта, 14 жылдан бери «Манас Ордону» жетектеп келет. Элдин топтолушуна бул жетекчинин кызматкерлерге, иштеген кыз-келиндерге кылган уят мамилеси себеп болду. Тынчтык митингинде айыл элине «Манас Ордонун» башкы бухгалтеринин туугандары келип, тиешеси жок жерден аралашып, конфликт жаралып кетти», - деди ал.

«Манас Ордо» комплексинин жетекчиси Ормошбек Чоюнбаев уят мамиле жасалды деген кызды боору ооруп ишке алгандыгын белгиледи.

«Бүгүн айыл тургундары «Манас Ордого» чогулуп келишти. Бул жерде менин орун басарымды жумуштан кетир деген талап коюшту.

Мени «бир кызматкер кызга уят мамиле жасаган» деп күнөөлөп жатышат. Бооруң ооруса боорго тебет деген ушул экен да. Бизге баяндамачылыкка жергиликтүүлөрдөн деп бир кызды жумушка алганбыз. «Ал кыздын 3 баласы бар, жолдошу каза болгон» дешти. Жолдошу асынып каза болгон экен. «Ал келин өзүнө дагы 2 жолу кол салган» дешти. Иштеп кетсин деп колубуздан келген жардамды бердик. 1 жыл ичинде дагы баяндамачылыкты өздөштүрө алган жок. Штат жок болгондуктан секретаршалыкка (катчы) буйрук чыгарганбыз. Ал кабылдамада дээрлик отурган жок. Ал кыз бизде 2016-жылдан 2017-жылдын апрель айына чейин иштеген», - деди ал.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин айтымында, бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлүп, текшерүү жүрүп жатат.

«Манас Ордонун» жетекчиси боюнча бизге айыл эли келип кайрылган. Кайрылууда кыз-келиндерге кылган уят иштери, кызматкерлерге орой мамилеси тууралуу айтылган. Бизден комиссия түзүлүп, текшерүү болууда. Биз текшерүүнүн негизинде тиешелүү жактарга сунуштама беребиз», - деди ал.