Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы 30 жаштагы мугалим Фарида Суранчиева окуучулары менен балаты майрамын кызыктуу өткөрдү. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.
Өзүнүн айтымында, башталгыч класстын мугалими болуп иштеп жатканына 2 жыл болду.
«2-б класстын класс жетекчисимин. Жалпы 27 окуучум бар. Бий үчүн формаларыбызды курдашым даярдап берди. Майрамда окуучу кыздарым менен бий тобун түзүп, индия бийин бийлеп чыктык. Ата-энелер мугалимдер жакшы ойлорун айтышты», - деди ал.
Мугалим буга катар эле, ишиндеги күлкүлүү окуяны айтып берди.
«Бир жолу күндөгүдөй эле окуучуларга баа коюп жатсам Мираида деген окуучу кызым ыйламсырап «эже мага 4 эмес, 5 коюп беринизчи, азыр сиз 5 койбосоңуз мен эртең атамдан 5 сом албай калам» деп аябай күлдүргөн. Кичинекей кыздын шагын сындырбайын деп 5 коюп бергем. Тилектери таза кичинекей окуучулар менен иштегениме сыймыктанам. Келечекте мен таалим-тарбия берген окуучуларым кыргыз элимдин керегине жараган мыкты, чыгаан инсандардан болуусун каалай», - деди ал.
Мугалим айым жолдошу экөө 3 уул, 1 кыздын ата-энеси.