Оштогу бала бакчада тартылган видео интернетке тараган. Милиция текшерүү жүргүзүп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 8082
 
Опубликовано 4 Июля 2024, 12:52

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Манас айыл аймагында (мурдагы Нариман айыл аймагы) жайгашкан бала бакчанын тарбиячысынын үстүнөн милицияга арыз түштү. Бул маалыматты Turmush басылмасына Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Окуянын видеосу социалдык тармакка тарады. Видеодон тарбиячы 2 жаштагы баланы уктоочу бөлмөгө алып кирип, жалгыз калтырып, эшикти жаап кеткенин көрүүгө болот. Бала «апа» деп ыйлап, эшикти каккылаган.