Ак--Талаа; Терекке 14 миң даана терек тигилди

turmush
Скачать
Просмотров: 87
 
Опубликовано 27 Апреля 2024, 23:50

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылына 14 миң даана терек тигилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жусупжановдун айтымында, "Жашыл мурас" улуттук жашылдандыруу долбоорунун алкагында Баетов - Терек унаа жолунун сол ныптасына же тактап айтканда Баетов айылынын баш жагындагы дамбадан тарта Терек айылынын кире беришине чейинки аралыкка 14 миң түп теректин көчөтү отургузулду. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 430 миң сом бөлүнүп, көчөттөр сатылып келинген. Көчөт отургузууга жергиликтүү тургундар жана мекеме-ишкана кызматкерлери тартылган.

Ал эми райондук токой чарбанын башчысы Рысбек Каналиевдин айтымында, быйыл Баетов айыл аймагына 14 миң терек, Ала-Буга айыл аймагына 10 миң терек, 250 түп карагайдын көчөттөрү тигилсе, Тоголок Молдо айыл аймагына 13 миң түп теректин көчөттөрү тигилет.