Кочкордогу Ормон хан эс алуу багында боз үйлөр тигилип жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 15
 
Опубликовано 1 Октября 2023, 21:19

Нарындын Кочкор районунда түндүк кыргыздардын ханы Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдыгына арналган маданий массалык иш-чарага даярдык жүрүп жатат.

Маараке алкагында Семиз-Бел айылында Ормон Ниязбек уулунун эстелиги ачылат. Андан соң иш-чаранын расмий бөлүгү М.Садыков атындагы стадиондо уланып, анда элге Ормон ханды хан көтөргөн театралдык программа тартууланат. Ошондой эле Кочкор айылындагы Ормон хан атындагы эс алуу багында маданий оюн зоок программа өтөт. Учурда ал жерде боз үйлөр тигилип, тойго даярдыктар көрүлүп жатат. Жалпы 110 боз үй болот.