Узун чачы менен таң калтырган ысык-көлдүк Махабат

turmush
Скачать
Просмотров: 6822
 
Опубликовано 6 Июня 2023, 08:58

Түп районунун Түп айылынын 30 жаштагы тургуну Минбай Махабат чачынын узундугу менен элдерди таң калдырат.
" Москва шаарында 5 жылдан бери эмгектенип жүрөм. Жеке менчик дүкөндө администратор (товаровед) болуп иштейм. Мектепти бүткөндөн кийин ата энем окууга тапшырталы дегенде жаштык кылып иштейм деп болбой койгом. Кийин ногтевой сервис, визажисттикин окудум.
Турмушка чыга элекмин. Чачымды 2009-2010жылдан бери өстүрөм. Ай сайын учтарын кестирип турам. Жакын арада эле кичине кестирип салдым, буга чейин чачым тиземе чейин болчу. Чачыма 14,15 жылдан бери көнүп деле калдым. Москвадан баардыны айтышат чачың өзүңдүкүбү же кошулганбы(нарощенныйбы) деп. Чет көзгө аябай башкча көрүнөт окшойт. Мен болсо көнүп калгам. Кээде кесип салуу ойлор келет, дайыма түйүп жүрүп анан кээде башым оруйт оордук кылат. Кээде кестирип салсамбы деп ойлоном, бирок 15 жылдан бери ушунча эмгек кетти өстүргөнгө деп кайра кестирбей эле коеюн деп калам. Москвада азыркы учурда баары чачтарын кыска алып жүрүшөт. Мен боегон дагы эмесмин өзүмдүн чачым.
Адам баласы болгондон кийин кээде тажап каласың. Чачыма аябай кам көрөм күн алыс жууп көндүрүп койгом, сапаты жакшы, маскаларды жасайм, кымбат шампуньдарды колдоном. Бош убактымда , үй шартында жумуртка, айран менен маска жасаганга аракет кылам.