Аравандагы ооруканадан телефон, капчык уурдап кеткен шектүү кармалды

turmush
Скачать
Просмотров: 5563
 
Опубликовано 30 Января 2023, 16:25

Ош облусунун Араван районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 19-январында Араван РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында Ош шаарынын 65 жаштагы жашоочусу — буга чейин бир нече жолу соттолгон Х.У. колго түштү.

2023-жылдын 12-январында Араван РИИБге Араван районунун тургуну — 24 жаштагы Г.А. арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 10-январь күнү саат 09:30 чамасында Араван райондук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө столдун үстүндө турган сумкасынын ичиндеги капчыгын белгисиз адамдар уурдап, изин жашырып кеткени айтылган. Капчыктын ичинде ага таандык Кыргыз Республикасынын ID жарандык паспорту, банк картасы бар болгон.

Ошондой эле арыз менен Араван районунун тургуну — 27 жаштагы Г.К. кайрылып, Араван райондук ооруканасындагы жумуш ордунда турган сумкасынын ичиндеги 3600 сом акчасын, паспортун жана банк карталарын белгисиз жаран уурдап кеткендигин билдирген.

Андан сырткары ушундай эле арыз менен Араван районунун 36 жаштагы тургуну М.С. кайрылып, 2023-жылдын 10-январында жумуш ордундагы «Редми Нот 11 про» үлгүсүндөгү 23 000 сомдук уюлдук телефонун белгисиз жаран уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факттар Араван РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдары жыйынтыкталып, иш соттук кароого жиберилди.