14 кишинин өмүрүн алган жолдогу ажал

AkiTv
Скачать
Просмотров: 41
 
Опубликовано 23 Ноября 2022, 16:37

Соңку 4 күндүн ичинде өлкө аймагында үрөй учурган 2 жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 14 киши көз жумду.
Кечээ, 22-ноябрда кечки саат жетиде Баткен районунда жеңил унаа менен кичи автобус сүзүшүп, жеңил унаадагы 6 адам, анын ичинде 2 бала, ошондой эле кичи автобустагы 2 киши каза болду. Андан тышкары 1 адам ооруканага жеткирилген.
Жеңил унаадагы 5 адам бир үй-бүлө болчу. Алар тойго бара жатышканы айтылууда.
Ал эми 19-ноябрда күндүз Кара-Көл шаарында кичи автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен кичи автобустагы 6 адам көз жумуп, 3 киши ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле кырсык болгон жерде 1 млн 340 миң сом табылып, ал акчаны ээси алып кеткен.