Ак-Талаалык дыйкандарды санаага салган сафлор

turmush
Скачать
Просмотров: 877
 
Опубликовано 5 Октября 2022, 14:34

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда бийликтин багыты менен алгачкы жолу сафлор өсүмдүгүн айдаган дыйкандар түшүмүн каякка сатарын билбей түпөйүл тартышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Терек айылынын дыйканы Токтомуш Кожоев 15 гектар аянтка сафлор өсүмдүгүн айдаганын айтты.

"Жаз мезгилинде Нарын шаарында азык-түлүк долбоорунун негизинде сафлор өсүмдүгүн өстүрүүнү колго алуу тууралуу жыйналыш өткөн. Ошонун негизинде 15 гектар аянтка сафлор өсүмдүгүн айдагам. 1 гектар аянтка 45 килограмм үрөн себилет экен. Жазында Россиядан келген үрөндөн насыя аркылуу алганбыз. 1 килограмм үрөндү 115 сомдон алдык эле. Мунун жакшы жери жерди бир сугарып туруп эле айдап коёт экенсиң. Сууну талап кылбайт экен. Биринчи жолу айдап жаткандыктан, башында "чыкпай калабы" деп санааркап, корктук. Минтип чыгып, өсүп, учурда оруп-жыйнап жатабыз. 1 гектардан 1 тонна түшүм алсаң өзүн актайт дешүүд. Эгер, 2 тонна түшүм берсе, анда пайда алып келди деп эсептелинет экен", - деди Т.Кожоев.

Сафлор түшүмүн жыйнап алып жаткан дыйкан Токтомуш Кожоев сафлорду каякка сатышарын билбей санаага батып жатышканын айтты.

"Башында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда облус жетекчиси баш болуп "Нарынга май завад же сыга турчу аппарат коюлуп, айдаган сафлоруңар бир жерге кабыл алынат" деп айтылган. Учурда, Нарынга аппараттар коюлган жок. Өткөндө Кантка май завод ачылды деп жатышкан. Ал жак менен сүйлөшсөк, алар "алып бүттүк, албайбыз" деп коюшту. Сафлорду өстүрөрүн өстүрүп алып, эми каякка өткөрөрүбүздү билбей түпөйүл болуп, санаа тарта баштадык. Үрөнүн 115 сомдон сатып алганбыз. Түшүмүн саталы десек 25 сомдон. Бирок, сатып ала турчу эч ким жок. Ал эми, май сыга турчу Кытай жана Россиядан чыккан аппараттар бар экен. Өзүнүн аныктамасы боюнча 1 тонна сафлордон 2 литрден тарта 600 литрге чейин май алынат деп турат. Атайын багыт берип, сафлорду дыйкандарга өстүртүп жаткандан кийин райондун борборуна же облустун борборуна деле май сыга турчу аппараттарды алып келип, орнотуп коюшса болмок. Эми биз алган түшүмдү кайда алып барып, каякка сатабыз билбейм", - деди кейиген дыйкан.