Ак-Талаанын бийлиги 90 жаштан өткөн карыларга сый көрсөтүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 484
 
Опубликовано 4 Октября 2022, 16:04

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 1-октябрь Карылар күнүнө карата 90 жаш курактан өткөн улгайган адамдарга сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан билдирилген маалыматка таянсак, район боюнча 90 жаш курактан өткөн 30 улгайган адамдар бар. Бүгүн, 4-октябрь күнү район акими Жумадилла Жапаров Баетов жана Терек айылындагы 90 жаштан өткөн улгайган адамдар менен учурашып, ден соолуктарын сурап жана белек берип кайтты.

Ал эми калган айылдардагы улгайган адамдарды эртең 5-октябрь күнү акимдин орун басарлары кыдырып барып, жеринен сый көрсөтүп келери маалымдалды.