Бүгүн, 19-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучуларга Северный көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 20:24тө Кадамжай райондук №76 ӨКБдан 2 бөлүм тартылып, саат 20:32де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.