Кочкор районундагы төрт жасалма уруктандыруучуга асыл тукум буканын 70-80 даана уругу долбоор аркылуу берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу» долбоорунун өкүлдөрү Кочкор, Жумгал районундагы уйларды жасалма уруктандыруучуларга семинар өткөрдү. Ага Кочкор районунун акиминин орун басары Самат Асаналиев катышты.
Иш-чарада долбоор аркылуу жасалма уруктандыруучуларга уйларды уруктандыруунун шарттары боюнча маалымат берилди. Акырында швиц породасындагы букалардын уруктары тапшырылды. Уруктандыруучулар каалоочу фермерлердин уйларын жасалма уруктандыруу иштерин жүргүзөт. Уруктандыруу акысы 300 сомду түзөт.