Кочкордо казиного каршы митинг өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 883
 
Опубликовано 17 Мая 2022, 17:57

Кочкор районунда «Кочкор эли казинонун ачылышына каршыбыз» аталышындагы тынч митинг өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Акцияга 30дан ашык жаштар катышты. Алар Кочкор райондук маданият үйүнүн жанында топтолуп, өздөрүнүн талаптарын айтып, казиного каршы экендигин билдиришти. Ошондой эле, Жогорку кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошту.

Жарандык активист Эстен Тойтоевдин айтымында, эгер казиного уруксат берилсе, анда өлкөгө жалаң кумарпоз туристтер келе баштарын айтты.

«Кыргызстан туристтик өлкө. Бизге келген чет элдик жарандардын жакшы жактарын үйрөнүшүбүз керек. Ал эми казино ачылса, биздин балдар алардан кумарпоздукту үйрөнүп, кийинки муундардын келечеги талкаланат. Ошол себептен биз сурамжылоо жүргүзүп көрдүк. Кочкор районундагы жарандардын көпчүлүгү казиного каршы экендигин билдиришти», - деди ал.