Бир күндө 2 саат гана суу ичебиз” чоң дарыянын жээгинде жашап, ичүүчү сууга муктаж болгон Таш-Көмүлүктөр.

turmush
Скачать
Просмотров: 335
 
Опубликовано 26 Января 2022, 15:01

Таш-Көмүр шаарынын жашоочуларына бир күндө эки саат гана суу берилет. Айрым учурда көп кабаттуу үйлөрдүн 4-5 кабаттарына суу чыкпай жашоочуларды убайымга салат. Мындай көрүнүшкө тургундар да көнүп калгандай, себеби алар үйүндөгү бар идиштерин суу толтуруп, кир, идиш жууганы, тамак-ашка а түгүл дааратканага да ошол сууну пайдаланышат.
Таш-Көмүр шаарына караган Кызыл-Алма кичи шаарчасында 30га чукул көп кабаттуу үй бар, дээрлик алардын баарында ушул көйгөй бар. Аталган райондо 20 жылдан ашык убакыттан бери жашаган Шарапат Суранкулова Нарын дарыясынын жээгинде жашап, ичүүчү суу жок дегени акылга сыйгыс нерсе дейт.