«Чечин, мен эркекмин»: Жол тескөөчүсү менен жолоочунун кайым аштышкан видеосу тарады

turmush
Скачать
Просмотров: 21819
 
Опубликовано 24 Января 2022, 17:31

Жол тескөөчү менен жолоочунун кайым аштыкан видеосу соцтармактарга тарады. Анда белгилүү болгондой, жол тескөөчүсү унаагы үстүндөгү кийимин чечип, жолоочуга «бас, эркексиңби?» деп кайрылган. Жолочу: «Чечин, мен эркекмин» деген. Андан ары жолоочу: «Мен сени жакадан кармай элекмин» деп уят сөздөр менен жол тескөөчүсүн тилдеген.

Бул видео Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун 80-чакырымында тартылганы белгилүү болду. Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаевдин айтымында, жол эрежесин бузган «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаанын жолоочусу жол тескөөчүсүнө протокол түзүүгө каршылык кылып жаткан учурда тартылган.