Атасы темир тор артында, апасы майып: 3 жашында суу, отун ташыган Байгелди

turmush
Скачать
Просмотров: 6312
 
Опубликовано 2 Декабря 2021, 16:44

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылынын 31 жаштагы тургуну Кенжегүл Абдылдабек кызы тубаса ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, 2-топтогу майыптыгы бар. Учурда 3 жаштагы баласы отун-суусун ташып берип, көмөк көрсөтүп жаткандыгын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен 1990-жылы Дархан айылында төрөлгөм. Бул жарык дүйнөгө келгенден бери майып арабасындамын. Эки бутумдун өсүшү туура эмес болду. Бир туугандарым бар. Алардын баары өз тиричилиги менен алек. Мындан 5 жыл мурун Ак-Суунун районунун Жергез айылындагы Рысбек деген балага турмушка чыктым. Экөөбүз эки уулду болдук. Улуусу Байгелди 3 жашта, кичүүсү Нургелди 1 жашта. Жолдошум экөөбүз 5 жыл чогуу жашадык. Мындан 3 ай мурда ага кылмыш иши козголду. Учурда темир тор артында жатат. Жолдошум үйдүн улуу баласы болгондуктан 5 жылдан бери батирден батирге көчүп, жашап келдик. Эки балам менен жалгыз калганыма байланыштуу жашоо тиричиликтен кыйналып, төркүнүмө келе бергем.

Учурда айылдагы туугандарыбыздын үйүндо убактылуу жашап жатам. Сыртка майыптык араба менен гана чыгам. Таяк менен сөйөнүп атып, эшиктеги тиричилгимди араң жасайм. Сууну 3 жаштагы балам сырттан ташып келет. Өзүм оор нерсе көтөрө албайм. Жолдошум камалгандан бери 3 жаштагы уулум Байгелди жардам берет. Бирок ал деле кичинекей. Балдарымды жуунтмак турсун, кир кийимдерин да жууй албайм. Кошуна жеңелер балдарымды мончого алып барып, жуунтуп беришет.

Дархан айыл өкмөтү үйгө көмүр түшүрүп берген. Ал эми айыл жаштары отун жарып берип кетишкен. Азыр өлбөстүн күнүн көрүп, эки балам менен баш калкалап жашап жатам. Жакында эле документтеримди тууралап, майыптык үчүн жөлөкпул ала баштадым. Ал эми балдарыма акча албайм. Суук түшкөнү аябай эле кыйналып жатам. Балам кичине болуп ошого эле күч келип жатат. Азыр балдарым кичинекей. Алардын келечеги мени күнү-түнү ойлондурат. Балдарымдын келечеги үчүн жашоо менен күрөшүп келем. Бир бөлмөлүү, ичинде суу жана ажатканасы бар үйүбүз болсо деп тилек кылам», - деп сөзүн жыйнтыктады каарманыбыз.