Нарын шаарында жол тескөөчүлөрү айдоочулардан жол белгилери суралды

turmush
Скачать
Просмотров: 121
 
Опубликовано 2 Декабря 2021, 10:30

Нарын шаарында ЖКККБ тарабынан айдоочулардан жол белгилери суралып, айрымдарга эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. 

Нарын шаардык ЖКККБнын башчысы Азат Ибраевдин айтымында, сурамжылоо кырсыктардын алдын алуу максатында уюштурулган. 

«Шаардык ЖКККБ тарабынан айдоочулардын жол белгилерин канчалык деңгээлде билери суралды. Себеби алардын дал ушул белгилерди билбегендиги жол кырсыктарына себепчи болууда. Мындан сырткары алдын алуу иштеринин алкагында автобекеттерге барып, айдоочулардын кышкы дөңгөлөктөрдү алмаштыруу боюнча эскертүү жана аралыкты сактоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатабыз. 

Сурамжылоодо жол белгилерин билген жана айрымдары көрсөтүлгөн белгини толук билбей калган айдоочулар болду. Баарына толук билүүсү зарыл экенин айтып, жол эрежесин сактоону эскерттик», - деди А.Ибраев.

2021-жылдын 9 ай аралыгында 25 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 1 адам каза тапты. 29 адам жаракат алды. Алардын бешөө өспүрүм болгон.