Комузчу Зайнидин Иманалиев Кочкордогу бала бакчада бөбөктөр менен жолукту

turmush
Скачать
Просмотров: 112
 
Опубликовано 1 Декабря 2021, 15:29

Кочкор районундагы «Аруузат» бала бакчасында «Заманыбыздын залкар адамы» аттуу кече өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечеде бөбөктөр залкар комузчу, обончу Зайнидин Иманалиев менен жолугушту.

Зайнидин Иманалиев бөбөктөргө өзүнүн балалык кезин жана комуз өнөрүнө кантип кызыгып калганы тууралуу айтып берди. Бөбөктөр ага арнап ырларды айтып, анын обондуу чыгармаларын ырдап беришти. Зайнидин Иманалиев бөбөктөргө арнап комуз чертти.

Акырында «Аруузат» бала бакчасынын жамааты З.Иманалиевге белектерин тапшырышты.