Токмокто турак үйдөн өрт чыкты. Кырсык учурундагы видео

turmush
Скачать
Просмотров: 54
 
Опубликовано 1 Декабря 2021, 09:09

Turmush — Кечээ, 30-ноябрда Токмок шаарынын Ю.Дунларов көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

ӨКМдин басма сөз кызматы кырсык саат 15:20 чамасында болгонун билдирди.

Ю.Дунларов көчөсүндө турак үйдүн 170 чарчы метр чатыры жана 10 чарчы метр эс алуучу бөлмөсүнүн шыбы күйгөн.

Жеринде 2 өрт өчүрүү бөлүмү жана 1 суу ташуучу унаа өрт өчүрүү иш- чараларын алып барышты.

Өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар жок.