Ноокат: Бак ээси көчөттөрдү сындырган уйларга азот берип өлтүрүп койгон

turmush
Скачать
Просмотров: 24687
 
Опубликовано 20 Октября 2021, 15:11

Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Жийделик айылынын тургуну багына кирип, көчөттөрүн сындырган уйларга дары берип өлтүргөн. Өзү «малдарыңарды карагыла, дарактарыбызды сындырып жатат» -деп видео тартып айылдаштарынын воцап группасына таштаган. Бул тууралуу маалыматты айыл башчы Мырзали Осмонов тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.
« Мындан 2-3 күн мурда айылдын жашоочусу багына кирген эки уйга кебекке азот кошуп берип коюптур. Мал ээлери да малдарыңарды карагыла, бак ээлери багыңарды тоскула деп айтат элем. Негизи канча чыгым келтирсе да жаныбарды өлтүрүү мыкаачылык, анын да жаны бар. Басып кетип баратып эле көзүнөн кан атылып өлүп калган. Уйдун ичи күйүп кеткен. Мал ээси милицияга арыз жазыптыр»-деди М.Осмонов