Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында 10 миңден ашык мал котурга каршы киринтилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Баетов айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси Темирбек Сатыналиевдин айтымында, Күйгөн-Өтөк чөлкөмүндөгү мал киринтүүчү жайда 10 миңден ашык элдин майда жандык малдарын котур ылайык каршы киринтилди.
"Мал киринтүүчү жайыбыз 12 тонналык. 1 литр неоцидол 2 тонна 400 литр сууга кошулат. 5 миң мал киринтилип бүткөндөн кийин, суусун жана дарысын жаңыртып турабыз. Жеке ветеринар Эсенбек уулу Амантур экөөбүз биргелешип иш жүргүзүүдөбүз. Бир баш малды 8 сомдон киринтип жатабыз", - Т.Сатыналиев.