Ак-Талаанын волейболчу кыздары облусттук мелдеште 1-орунду багындырды.

turmush
Скачать
Просмотров: 379
 
Опубликовано 17 Сентября 2021, 20:48

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун волейболчу кыздары облусттук мелдеште 1-орунду багындырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 16-17-сентябрь күндөрү Нарын шаарынын 153 жылдыгына карата, облустагы жаштарды спортко тартуу, сергек жашоого үндөө жана кыз-келиндер арасында волейбол оюнун жайылтуу максатында Нарын облусунун ачык биринчилиги боюнча Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулган волейбол мелдешине Баетов айылынын "Ак-Талаа" командасы катышып, Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду багындырышып, кубок, медаль жана 15 миң сом акчалай байгеге ээ болушту. Мындан тышкары, "Мыкты оюнчу" номинациясы менен Канышай Бактыбекова сыйланды.

Аталган команданын капитаны Гүлжаз Капарбекованын айтымында, команда 4 жыл мурун түзүлүп, облусттук ири мелдештерде байгелер орундарды багындырып келишет. Команданын курамында Гүлжаз Капарбекова, Мимоза Абдылдабекова, Кундуз Кубанычбекова, Алтынай Жаңыбаева, Нуржылдыз Бактыгулова, Бактыбек кызы Канышай оюн көрсөтүп келишет.

Айта турчу жагдай, республикалык мелдештерге дагы катышып райондун намысын талашып келе жаткан кыздарга колдоо жок болгондуктан, мелдештерге бара турчу жол кире акыларын табууда, мелдешке кийип чыга турчу спорттук кийимдерди алууда жана ойноого топ ала алышпай кыйналып келишет.